Народная партия "Ак Жол"
Мектептердеги “рэкетчилик” токтойбу?
07.09.2009 20:30
Бишкек, 7-сентябрь (“Ак Жол” маалымат борбору). Жаңы окуу жылынын ачылышы менен эски көйгөйлөр кайрадан биринчи планга чыгып олтурат. Алсак, өкмөттүн токтомуна ылайык мектептердеги акча чогултмайларга тыюу салынганына карабастан, бул көрүнүш мурдагыдан да бетер күч алган. “Акжолчу” депутат Гүлжамал Султаналиеванын сөзүнө караганда, Билим берүү жана илим министри А.Мусаев да атайын буйругу менен биринчи класска барып аткан балдардын ата-энелеринен мүчөлүк акы, тест шылтоосу менен акча чогултууга тыюу салынган. “Иш жүзүндө эчтеке өзгөргөн жок. Подробнее
Этикага туура келеби?
07.09.2009 20:30
Бишкек, 7-сентябрь (“Ак Жол” маалымат борбору). Парламент күзгү ишин баштаары менен бир топ депутаттар жыйынга эч себепсиз келбей жаткан кесиптештерине карата сын-пикирлерин айтышкан. Арийне, бул маселе канча көтөрүлүп, канча каралганы менен орундуу жыйынтык чыкпай жатканын дагы моюнга алыш керек. Өз милдетин аткарбаган депутаттарды “айлыгыңарды кыркабыз” деп да коркутуп көрүштү. Бирок финансылык айып менен азыркы депуттарды коркутуу мүмкүн эмес окшойт. Ушуга кыжырланган депутат Гүлнара Дербишева “алардын аттарын басма сөзгө жарялайбыз дебедиңер беле?” деп парламент трибунасын каккылады. Депутат-айым кээ бир кесиптештери парламент олтурумдарын калтырууну адатка, атүгүл ооруга айлантып алышканын жашырган жок. Подробнее
Б.Абдырасаков: Аксы – конул оорусу...
07.09.2009 20:30
Бишкек, 7-сентябрь (“Ак Жол” маалымат борбору). Депутат Б.Абдырасаков 17-мартты Аксы курмандыктарын эскерүү күнү деп жарыялоого негиз берген мыйзам долбоорун сунуштаганда, аны “Ак Жол” фракциясы өз жыйынында бир добуштан колдоп чыкты. Мыйзамдын авторунун билдиргенине караганда, көптөн бери көкүрөктү өйүткөн Аксы окуясы келечек муунга да сабак болуш керек: Подробнее
Оз гимнин билбеген депутат – депутатпы?
07.09.2009 20:30
Бишкек, 7-сентябрь (“Ак Жол” маалымат борбору). “Арабызда Кыргызстандын гимнин жатка билбеген депутаттар да бар. Өз ара олтурганыбызда билинбеген менен, телеэкран аркылуу бул чекилигибиз даана көрүнүп, шайлоочулардын алдында уят иш болууда. Мындайлар өкмөт мүчөлөрүнүн арасында да көп. Гимндин сөздөрү жөнөкөй, аны беш мүнөттө жаттап алса болот. А биз ошону да жасай албайбыз”,- деп кейийт депутат Ажыбай Калмаматов. Подробнее