20:30 07.09.2009 | Все новости раздела "Народная партия "Ак Жол""

Этикага туура келеби?

Бишкек, 7-сентябрь (“Ак Жол” маалымат борбору). Парламент күзгү ишин баштаары менен бир топ депутаттар жыйынга эч себепсиз келбей жаткан кесиптештерине карата сын-пикирлерин айтышкан. Арийне, бул маселе канча көтөрүлүп, канча каралганы менен орундуу жыйынтык чыкпай жатканын дагы моюнга алыш керек. Өз милдетин аткарбаган депутаттарды “айлыгыңарды кыркабыз” деп да коркутуп көрүштү. Бирок финансылык айып менен азыркы депуттарды коркутуу мүмкүн эмес окшойт. Ушуга кыжырланган депутат Гүлнара Дербишева “алардын аттарын басма сөзгө жарялайбыз дебедиңер беле?” деп парламент трибунасын каккылады. Депутат-айым кээ бир кесиптештери парламент олтурумдарын калтырууну адатка, атүгүл ооруга айлантып алышканын жашырган жок.

Этика боюнча парламент комитетинин төрагасынын орун басары Динара Молдошева ишин унутуп койгон депутаттардын тизмеси такай түзүлүп, Жогорку Кеңеш спикери Айтибай Тагаев тапшырылып жатканын билдирди: “Тартип бузуучуларга каршы кандай чара көрүү керектигин төрага өзү чечет. Биз акыркы учурда олтурумга катышууну каалабагандар менен жекече сүйлөшүү практикасына өттүк. Ошондон кийин абал оңоло баштады”.
Кошумчалай кетсек, мурдараак тартип бузуучуларга каршы депутаттык мандатын тартып алуу ыкмасы да колдонулары кабарланган. Бул ыкманын колдонула электигин эске алсак, ага татыктуу тартип бузуучу жок го сыягы... 

Источник: Народная партия "Ак Жол"

  Обсудить новость на Форуме