20:30 07.09.2009 | Все новости раздела "Народная партия "Ак Жол""

Окмот убадасын аткарабы?

Бишкек, 7-сентябрь (“Ак Жол” маалымат борбору). “Ак Жол” фракциясынын мүчөсү, депутат Арапбай Төлөновдун айтымында, өкмөт быйылкы жылдын буудайын дыйкандардан 10 сомдон сатып алуу убадасын

берген. Бирок, бул сөздүн аткарылып жатканын бир да жерден жолуктурууга болбойт.
“Август айынын аяк ченинде дыйкандар бешене тер менен тапкан буудайын итбекер баага пулдаганга аргасыз болушту. Себеби бала-чакасына кийим, окуу куралдарын сатып бериш керек. Буга айылдыктар айла жоктугунан барып жатышат. Болбосо, буудайдын база баасы өтө арзан болгондуктан, дыйкандын чыгымы такыр акталбайт. Арийне, Айыл, суу чарб а жана кайра иштетүү министрлиги абалды оңдоо убадасын дайыма айтат. Азыр да ошентишүүдө. Абал чындап оңолобу же тескерисинен кетеби, жакынкы убакыт көрсөтөт”,- дейт депутат.
А.Төлөнов дыйкандар мындай мамилеге абдан нааразы болуп жатканын кошумчалады: “Өкмөт убадасында турбаса эмки жылы элеттиктер буудайдан башка эгин эгүүгө аргасыз болушат. А мындайда азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч келтирилет”. 

Источник: Народная партия "Ак Жол"

  Обсудить новость на Форуме