20:30 07.09.2009 | Все новости раздела "Народная партия "Ак Жол""

Оз гимнин билбеген депутат – депутатпы?

Бишкек, 7-сентябрь (“Ак Жол” маалымат борбору). “Арабызда Кыргызстандын гимнин жатка билбеген депутаттар да бар. Өз ара олтурганыбызда билинбеген менен, телеэкран аркылуу бул чекилигибиз даана көрүнүп, шайлоочулардын алдында уят иш болууда. Мындайлар өкмөт мүчөлөрүнүн арасында да көп. Гимндин сөздөрү жөнөкөй, аны беш мүнөттө жаттап алса болот. А биз ошону да жасай албайбыз”,- деп кейийт депутат Ажыбай Калмаматов.

Чындыгында абдан олуттуу маселе. Мурда да бул маселенин тегерегинде көп талаш болгон. Эми болсо А.Калмаматов депутат болгусу келгендер, чиновниктер мамлекеттик гимн боюнча сынактап өтүп турса жакшы болорун кыйытууда. “Бул жеке менин демилгем эмес. Шайлоочулар ушундай маселени көтөрүшүүдө. Кыргызстанда жашап жаткандан кийин гимнди билүүгө бардыгыбыз милдеттүүбүз. Анүчүн сөзсүз түрдө кыргыз тилин билүүнүн деле кереги жок. “Ырдайлы кыргыз ырларын” деген теледолбоордо башка улут өкүлдөрү кыргызча сопсонун ырдап жатышпайбы. Аракет жасашса колдон келет. Ал эми кыргыз болуп туруп гимнди билбегендер жөнүндө кеп башка. Бул оз элин сыйлабагандык. Мына Түркияны, АКШны карагыла, улуттук желектери ар бир үйдө илинип турат, гимн ойнолсо чогулгандардын дабышы далай жерге угулат. Ушуну патриоттук десе болот. Биз патриоттук духубузду көтөрмөйүн, эч качан өнүгө албайбыз”,- деди депутат.

Источник: Народная партия "Ак Жол"

  Обсудить новость на Форуме