20:30 07.09.2009 | Все новости раздела "Народная партия "Ак Жол""

Мектептердеги “рэкетчилик” токтойбу?

Бишкек, 7-сентябрь (“Ак Жол” маалымат борбору). Жаңы окуу жылынын ачылышы менен эски көйгөйлөр кайрадан биринчи планга чыгып олтурат. Алсак, өкмөттүн токтомуна ылайык мектептердеги акча чогултмайларга тыюу салынганына карабастан, бул көрүнүш мурдагыдан да бетер күч алган. “Акжолчу” депутат Гүлжамал Султаналиеванын сөзүнө караганда, Билим берүү жана илим министри А.Мусаев да атайын буйругу менен биринчи класска барып аткан балдардын ата-энелеринен мүчөлүк акы, тест шылтоосу менен акча чогултууга тыюу салынган. “Иш жүзүндө эчтеке өзгөргөн жок. 

Баарынан да колунда жок ата-энелерге кыйын болду. Бир баланы мектепке киргизүү, кийинтүү көп каражатты талап кылат. Ошон үчун да ЮНИСЕФ сыяктуу уюмдар мектептердеги тономойлорго каршы чыгып, барабан каккылап жатышат. Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда 40 мин бала мектепке бара албай калды. Башка булактар 120 миң деп жатышат. Бул терең ойлоно турган маселе. Өз учурунда ойгонуп, катуу чара көрбөсөк, келечек муун сабатсыз болуп калышы ажеп эмес”,- дейт Г.Султаналиева.
Дагы бир “Ак Жол” элдик партиясынан шайланган депутат Гүлнара Дербишеванын айтымында, башта мектеп формасы эркин түрдө киргизилген: “Бирок, форма кийүүгө окуучуларды мажбурлап жатышканы жашыруун эмес. Кийими жокторду сабакка киргизбей, бүт класстын алдында уяткаруу көндүм көрүнүшкө айланып баратат. Мектеп формасынын баасы токтомдо 800 сомдон ашпашы керектиги айтылган. Бирок, форма учурда 1200 сомдон сатылып жатат, айыл жергесинде андан да кымбат. Бир үй-бүлөдө бир канчадан окуучу бар экендигин эске алганда бул ата-энелердин чөнтөгү үчүн катуу сокку. Дагы бир жери, формалар негизинен синтетикалык кездемелерден тигилип жатат, а бул балдарда аллергиялык оорулардын чыгышына алып келет”.

Источник: Народная партия "Ак Жол"

  Обсудить новость на Форуме