20:30 07.09.2009 | Все новости раздела "Народная партия "Ак Жол""

Б.Абдырасаков: Аксы – конул оорусу...

Бишкек, 7-сентябрь (“Ак Жол” маалымат борбору). Депутат Б.Абдырасаков 17-мартты Аксы курмандыктарын эскерүү күнү деп жарыялоого негиз берген мыйзам долбоорун сунуштаганда, аны “Ак Жол” фракциясы өз жыйынында бир добуштан колдоп чыкты. Мыйзамдын авторунун билдиргенине караганда, көптөн бери көкүрөктү өйүткөн Аксы окуясы келечек муунга да сабак болуш керек:

- Мындайды унутуу мүмкүн эмес. Себеби, 2002-жылдын 17-мартында бийлик өз элине каршы ок атып, бейкүнөө адамдар курман болушкан. Алар эл баатырлары, башын биздин эркин коомдо жашашыбыз үчүн байлап коюшту. Бул ар бир бийликке сабак боло турган окуя. Келечекте биз мындай трагедиялуу окуяларга жол бербешибиз керек. Аксылыктарга миң мертебе таазим, алар революциянын мотору болуп беришти. Бизге эркиндик үчүн күрөш кандай болорун иши менен көрсөтүштү. Мыйзамга ылайык бул күнү Аксы курмандыктарын, ошондогу окуяларды эскерүү жыйындары өтүш керек. Албетте, баатырлардын арбагына арнап куран окулат. 

Источник: Народная партия "Ак Жол"

  Обсудить новость на Форуме