12:30 03.06.2008 | Все новости раздела "Социалистическая партия "Ата-Мекен""

"De-факто" жана "Алиби" гезиттери саясий куугунтукка дуушар болууда

         Акыркы жылдары Кыргызстандын демократиялык өнүгүшү оор жолтоолорго дуушар болууда. Сөз эркиндигине, эркин пикир айтууга эбегейсиз, эгемендүү Кыргызстандын тарыхында болуп көрбөгөндөй бут тосуулар пайда болуп, адам укугуна балта чабылып жатат. 

        Төрт жыл ичинде канча гана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө кол салынып, канча телекомпаниялар эркиндигинен ажырап, бийликтин элди алдоо жана бурмалоо куралына айланып калды. Жакында эле Жогорку Кеңеште кабыл алынган «Телевидение жана радио» жөнүндөгү мыйзам эркин массалык маалымат каражаттарынын абалын ого бетер оордотту.

         Элдин эркин пикирин айтууга бут тозуш үчүн, азыркы бийлик митинг, пикет жана ар кандай акцияларга чектөөлөр коюлуп, Кыргызстанда кичине болсо да, демократиялык жетишкендиктерди жокко чыгарып, авторитардык режимди көздөй багыт алууда.

          Атайын, жасалма талаштарды түзүшүп, бийликти сындап, өзүнүн пикирин айтып, көзгө саяр чындыкты жазып жаткан гезиттерди да куугунтукап жатканы ачык-айкын болуп калды. 2 июнь күнү, Биринчиймай райондук соту, « De -факто» жана «Алиби» гезиттерин 1 миллион сомдон доого жыкканы, бул мыйзамсыз жана саясий чечим деп кабыл алса болот. Бул эркин гезиттерге өлчөмү негизсиз айып салышынын бирден бир негизи, бийликтин акчалай, экономикалык жактан « De -факто» жана «Алиби» гезиттерин муунтуп, ал эми башка эркин басылмаларга эскертүү берип жатканы көрүнүп турат.

         Эркин массалык маалымат каражаттарынын куугунтука алынышы, бул Кыргызстандын келечегине оор доо келтирүүчү көрүнүш. Эгерде биз биргелешип демократиялык баалулуктарды сактап калбасак, биз эркиндикти, адилеттүүлүктү жоготуп, алдыга коюлган ыйык максаттарыбыздан ажырап калышыбыз айкын болуп калды.

«Ата Мекен» Социалисттик партиясы маалымат кызматы



Источник: Ата мекен

  Обсудить новость на Форуме