04:31 29.07.2009 | Все новости раздела "Народная партия "Ак Жол""

Т.Орозалиев: Оппозиция тараптан да мыйзам бузуулар арбын болгон

Бишкек, 27-июль (“Ак Жол” маалымат борбору). “Шайлоонун легитимдүү же легитимсиз экендиги тууралуу тыянакты Конституциялык Сот гана чыгара алат”,- мындай пикирин “Ак Жол” элдик партиясынын төрагасынын биринчи орун басары, Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Орозалиев “Азаттык” үналгысына берген маегинде билдирди.

Т.Орозалиевдин ою боюнча, оппозициянын ушундай нуктагы билдирүүсү мыйзамдарга карама-каршы келет. “Мындай чечимди Конституциялык сот гана кабыл алууга акылуу. Ошондо да, бул сот чечимди жөнү жок жерден чыгара албайт. Райондордон, облустардан, шайлоо участкаларынан келген протоколдордун жана БШКнын протоколунун негизинде гана чече алат”,- дейт ал.

“Бул бир гана Конституциялык Соттун укугу. Анан талапкердин бири эле легитимсиз, тигиндей-мындай дегени саясий маданиятка төп келбей турган иш. Экинчиден, кээ бир оппозициячыл талапкерлер ушундай кадамга барышаарын биз күткөнбүз. Анткени шайлоо жаңыдан башталганда эле булар шайлоо ыплас өтөт, мыйзам бузуулар болот деген ураандар менен чыгышкан. Андан тышкары, булардын колдоно турган ар кандай варианттары да бар болчу. Биз аны деле билчүбүз. Азыр ойнолуп жаткан оюн ошондой сценарийлердин бирөөсү гана. Мындан да бөлөк иштер болушу мүмкүн эле. Андан тышкары көп жерлерде чагымдарды уюштурушту”,- сөзүн улады Т.Орозалиев.

“Ак Жолдун” төрагасынын биринчи орун басарынын айтымында, оппозиция тараптан одоно мыйзам бузуулар көп болгон: “Мындай чагымдар оппозициянын кээ бир өкүлдөрү тарабынан жасалды. Мисалы үчүн, Бишкектин Октябрь районундагы Камская көчөсүндөгү №6 имаратта жайгашкан №1107 участкасында “Ата Мекен” партиясынын өкүлдөрү “шайлоочуларды паспорту жок жеринен шыгыратып киргизип, бюллетендерди жөн эле берип жатат” таризинде акт түзүшүптүр. Барып текшергенде, мындай фактылар далилденген жок. Тескерисинче, акт түзгөн адамдар партиянын,комиссиянын мүчөлөрү же байкоочулар эмес экен. Ошондуктан ал жерден өзүлөрүн чыгарууга туура келди. Андан башка дагы бир факт. Социал-демократтар партиясынын өкүлдөрү № 42 орто мектепте жайгашкан №1014 шайлоо участкасында “Ак жолчулар” шайлоону өткөрүүгө шайлоо комиссиясына тоскоолдук кылып жатат деп арыз жазышкан. Ал жерге барып текшергенде шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү эч ким тоскоол болгон жок деп айтышты. Ушундай фактылар атайын максат менен айтылды. Жаман иштер тууралуу маалыматты канчалык көп топтоп таратсак ошончолук таасир берет деген ой менен айтып жатышат. Бул каралоо деп аталат да, аны элдин баары билет”.

Источник: Народная партия "Ак Жол"

  Обсудить новость на Форуме