04:31 11.07.2009 | Все новости раздела "Народная партия "Ак Жол""

Республикалык «Ак жол» элдик партиясы жаш таланттарды колдоо максатында…

Республикалык «Ак жол» элдик партиясы үстүбүздөгү жылдын август айында маданият тармагына камкордук көрүү, жаш таланттарды колдоо максатында  жаңыдан чыгып келаткан  эстрада жылдыздарынын арасында кароо-сынак өткөрмөкчү. 

Орто муундагы популярдуу обончу-ырчылар Динара Акулова, Гүлнур Сатылганова, Алина Жетигенова, Айчүрөк Иманалиева,  Айбек Карымов, Сыймык Бейшекеев, Бек Борбиев, Кутман Жолдошевдердин  коштоосунда  кийинки муун өкүлдөрү Ома, Омар, Нэна, Ислам, Мирбек Атабеков, Султан Садыралиев, Сьездбек Искеналиев, Урмат Үсөнов, Бактыгүл Бадыева, Роза Шакирова, Айгүл Чалова, Чыңгыз Мырзаев өңдүү  жаш таланттар ортосунда кызыктуу жарыш өткөрмөкчү.

Таланттарды баалоодо ишенбестиктер болбосун  үчүн калыстар сынактын катышуучуларынан жана оюнга келген көрүүчүлөрдөн түзүлмөкчү.

Сынактын байге корун 500 миң сомго жеткирүү болжолдонууда.


Источник: Народная партия "Ак Жол"

  Обсудить новость на Форуме