20:30 01.07.2009 | Все новости раздела "Народная партия "Ак Жол""

РЕСПУБЛИКАЛЫК «АК ЖОЛ» ЭЛДИК ПАРТИЯСЫНЫН САЯСИЙ КЕНЕШИНИН...

РЕСПУБЛИКАЛЫК «АК ЖОЛ» ЭЛДИК ПАРТИЯСЫНЫН САЯСИЙ КЕҢЕШИНИН БИЛДИРҮҮСҮ

Республикалык «Ак жол» элдик партиясынын Саясий Кеңеши Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жалпы республикалык расмий гезити болгон «Эркин тоонун» 2009-жылдын 30-июндагы санына жарыяланган Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Алмазбек Атамбаевдин үгүт материалын талкуулап, андагы мыйзамга каршы келген жагдайларга коомчулуктун  көңүлүн бурат.

«Атамбаев феодалдык хан болбойт, Акаев менен Бакиевге окшоп, мамлекетти башкарууга өзүнүн жакын туугандарын жолотпойт.Өлкөнү жакын туугандар эмес, президенттин командасын түзгөн кесипкөйлөр башкарышат…» деген саптар чындыкка дал келбейт, андай көчө кептерин мамлекеттик официалдуу басма сөз органынын жарыялоосу мыйзамга ылайык келбейт.

Бул саптардын контекстин чечмелегенде Бакиев Акаевге окшоп феодалдык хандык башкаруу жүргүзүп жаткан болот. Бул карандай калп жана жалаа. Курманбек Бакиев жаш кезинен дүйнөдөгү ири шаарлардан билим алып, чоң мекемелерде эмгектенип, башкаруунун көп баскычтарынан өтүп, өзүн чыныгы интеллект инсан, демократ   ишмер катары көрсөтө алгандыгын жамы кыргыз эли жакшы билет. Кыргыз Республикасынын президенттигинин кызматын аткарган төрт жылда өлкөнү чыныгы демократтык жолдо баштап келатканы дүйнө коомчулугуна белгилүү. Ал эми бийликти жакын туугандары башкарат деп доомат коюу негизсиз жана далилсиз.

Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 30-беренесинин 9-пунктунда: «Кыргыз Республикасынын жарандары, талапкерлер, саясый партиялар мыйзам жол берген формада жана мыйзамдуу усулдар менен шайлоого катышуу үчүн үгүт жүргүзүүгө, талапкерлердин  шайлоо алдындагы программасын, алардын саясый, ишкерлик, жекече сапаттарын эркин жана ар тараптан талкуулооого, чогулуштарда, митингдерде, жалпыга маалымдоо каражаттарында ар кандай талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин «жактап» же ага «каршы» үгүт ишин жүргүзүүгө укуктуу» жеп жазылса, 36-берененин 5-пунктунда: «Талапкерлер, алардын өкүлдөрү, саясий партиялардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, башка жактар шайлоо алдындагы кампанияларга катышууда атайылап  жалган маалыматтарга негизделген жана талапкерлердин, сайсий партиялардын абийирине, ар-намысына же ишкер аброюна зыян келтире турган макалаларды жарыялоого укуксуз.» деп белгиленген.

Республикалык «Ак жол» элдик партиясынын Саясий Кеңеши президенттик шайлоонун астындагы үгүт иштеринде ар кандай  пикирлерге, ачуу сындарга жол берилээрлигин танбайт. Бирок, сын конструктивдүү, далилдүү фактыларга таянышы керек.

«Ак жол» элдик партиясы өзүнүн лидери, Кыргыз Республикасынын президенти Курманбек Салиевич Бакиевдин кадыр-баркын Кыргызстандын ар бир жаранынын аброюндай эле ыйык жана бийик сактоого умтулат. Ошол талаптан алганда Курманбек Салиевичтин саясий оппонентинин жогорудагыдай орунсуз, мыйзамга каршы келген карандай каралоосун мамлекеттик, өкмөттүк расмий  гезиттин жалпы элге жарыялоосун айыптайт.

Республикалык «Ак жол» элдик партиясынын Саясий Кеңеши.

Источник: Народная партия "Ак Жол"

  Обсудить новость на Форуме