12:08 06.02.2009 | Все новости раздела "Народная партия "Ак Жол""

Президенттин бейнесине суртумдор

Президенттин бейнесине сүртүмдөр

Курманбек Бакиев чыныгы журт лидери 

Биздин билерман эксперттер, саясатчы чалыштар Курманбек Бакиевди туш тарабынан кытыгылап келе жатканына бир нече жылдын жүзү болду. Өлкөдө уюштурулган көп сандаган митингдерде, ызы-чууларда да окшош талаптар көтөрүлүп келген. Бул талаптарды бириктирип “элдик ыңкылаптын максаттары” деп койсок болот. Мына ошол революциянын болушуна түрткү болгон шарттарды жоюу элдик бийликтин бирден-бир максаты болгон. Эсиңизге сала кетсек, баарынан мурда Конституцияга өзгөртүү киргизүү жолу менен шайлоо системасындагы башаламандыкка чек коюп, чыныгы элдик бийликти орнотуубуз керек болчу. Бул талап толугу менен аткарылып, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу парламент партиялык тизме менен шайланып, эл өзү каалаган саясий күчтү депутаттык мандатка жеткизди. Конституцияга ылайык президенттин укуктары да чектелип, аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлиги кошумча полномочиелерге ээ болду. Андан кийинки талап Акаевдин учурунда жүз берген үй-бүлөлүк коррупцияга жол ачкан системаны жок кылуу болчу. Өзүңүздөр билесиздер, 2005-жылга кабыл алынган акаевдик бийликтин бюджети 18 млрд сомду түзгөн. Коррупцияга, солго кеткен финансылык агымдарга каршы күрөштүн жыйынтыгында республиканын бюджетинин мүмкүнчүлүктөрү өстү. Бүгүнкү күндө элдик казынанын көлөмү 41 млрд сомду түзөт. Дээрлик эки жарым пайызга көп. Бул элдик бийликтин коррупцияга каршы чечкиндүү күрөшүнүн анык далили. Ошонун натыйжасында элибиздин турмушу акырындап болсо да оңоло баштады. 

Революциялык талаптардын дагы бири – өлкөнү курутуп-чириткен Акаевдин куйруктарынан, жегенден башканы билбеген кадрлардан тазалоо, жаш жана таза адистерге жол ачуу. Чындыгын айтуу зарыл, президенттин кадр саясаты президенттик шайлоодон берки үч жыл ичинде эң курч маселе болуп келди. Президентти кадр саясатындагы катачылыктары үчүн сындабаган саясатчы чанда жолугат. Эсиңиздерде болсо президенттигинин биринчи жылында Курманбек Бакиев “Акаевдин учурунда кызматта турду деп эле ишбилги адистерди ыргыта бергидей кадрдан бай эмеспиз” сыяктуу сөз айткан. Президент жаш кадрларды өстүрүү тууралуу да бир топ идеяларды сунуштаган. Адилет бололу, мамлекет башчысы кызматка баарынан мурда адамдардын иш тажрыйбасына карап дайындоолорду жүргүзгөндүгү белгилүү. Бирок, ошол көп дайындоолордун арасында элдин ишеничинен чыгып калган адамдардын да дайындала калып жатканы калктын кыжырын келтирип келген. Жыл башынан бери бардыгыбыз күбө болуп жаткандай, президент кадрладрды жаңылоо ишин баштады. Жогорку эшалондогу элдин ишеничинен чыккан бир катар чиновниктерди кызматтан алды. Папкеден кол жууган адамдардын арасында албетте, калың калкыбыздын аллергиясын карматкан инсандар да бар. Бул кадрлык ири капсалаңга мамлекет башчысы аргасыздан барып жатканын эксперттер белгилешти. Маселен, “Жогорку Кеңештин депутаты Зайнидин Курманов мамлекет башчысынын бул аракетин кубаттап, келечекке койгон максатыбызды ойлосок өзгөрүүлөргө жол беришибиз керектигин айтты. Депутаттын пикиринде, кадрлар жок деп эле эски кадрларга таянып кала берүү да болбойт. “Эски кадрлар өз миссиясын аткарды, бирок, ошол эле учурда ал кадрлардын айрымдарынын мүмкүнчүлүгүн да пайдалануу керек”,- деп эсептейт депутат Курманов. Саясат таануучу Марс Сариев да Кыргызстандын бийлигиндеги кадрлык алмашуулар жакшы жышаан экендигин билдирген. Эксперттине пикирине таяна турган болсок, Акаевдин учурунан бери эле кыргыз бийлигинде Советтер союзунун убагында бутка туруп алган башкаруучулардын тобу тагдыр чечип, жаңы жана жаш кадрларга бут тосуп келишкен, ошондуктан, Курманбек Бакиевдин алар менен кошотошууну чечкени жакшы жакка карай кадам болуп эсептелет. Андан тышкары, Марс Сариевдин ою боюнча, Казахстанда элита бат алмашып, көп проблема болгон эмес. А бизде жаш күчтөрдүн келишине каршы турган эски гвардиянын өкүлдөрү дагы деле таасирин жогото элек жана алар президенттин бул кадамына каршы туруу аракетин көрүшөт. “Президент эң сонун жүрүш жасады. Министрликтерде жана өкмөттүк эмес сектордо дүйнөдө болуп жаткан процесстерге реалдуу караган жана жакшы батыштын билимин алган жаш кадрлар көп. Бул кадрлык жүрүш баарынан мурда ушул балдардын багын ачышы керек. Бул баарынан мурда бийлик менен оппозициянын мамилесин да оңдошу мүмкүн”,- деп белгиледи саясат таануучу Марс Сариев. Эксперт кадрлык алмашуулар муну менен гана чектелип калбастыгын, кардиналдуу өзгөрүүлөргө мамлекет башчысы даяр экендигин кошумчалады.

Президент жаш жана тың кадрларга “ставка” жасап, алардын мурда кандай позицияны ээлеп келгендигине карабастан өздөрүн иш үстүндө көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берип олтурат. Принцибинде, президент жүргүзгөн кадрлык жүрүштөрдүн жыйынтыгында оппозиция канчадан бери кыялданып келген коалициялык өкмөт түзүлгөнүн мойнубузга алышыбыз керек. Өмүрбек Бабановду алалы. Бул жигит жаш экендигине карабастан, өткүрлүк менен оппозициянын акцияларына активдүү катышып келген. Мамлекет башчысын кетирүү маселесин катуу коюп, массалык митингди өзүнө тийешелүү болуп келген НТС телеканалында түз көрсөтүп берген да ушул жигит. Бирок, Курманбек Салиевич Бабановдун мурунку саясий ишмердүүлүгүн унутуп, элдин кызыкчылыгы үчүн аны кызматка тартты. 

27-январда улутка кайрылуусунда Кыргыз Республикасынын президенти Курманбек Бакиев иштелип чыккан стратегиялык документтерди ишке ашыруу багытында эки негизги милдет алдыбызда тургандыгын белгиледи. Биринчиси, чечимдерди даярдоо жана кабыл алуу процесси түшүнүктүү жана ачык болууга тийиш. Бул багыттагы аракет кырдаалга даана баа берүүгө негизделиши керек. Экинчиден, чечимдер жарандардын катышуусу менен, создуктурулбастан, тез иштелип чыгып, учурдагы мамлекеттик башкаруу стандарттарына төп келиш керек. Аткаруу тартиби катуу контролдукка алынышы зарыл, ал камсыз кылынат. Ошондо гана мамлекет калкка сапаттуу кызмат көрсөтө алат. Ошондуктан, мамлекеттик башкаруу машинасын чындап реформалоо - өзгөчө маанилүү милдет.

• Өлкө өзүнүн региондору менен күчтүү. Жер-жерлерде көзгө көрүнөрлүк жетишкендиктерди камсыз кылуу керек. Бул жерде мамлекеттик бийликтин борбордук жана жергиликтүү органдары эле эмес, саясий партиялар да өзүнүн ишке жөндөмдүүлүгүн көрсөтүүгө тийиш. Эгерде партия өзүнүн башкы милдети - элдин жыргалчылыгы үчүн камкордук көрүү экендигин жарыя кылса, анда ал ачык-айкын мисалдар менен жарандардын жашоо турмушун жакшыртуу үчүн эмне жасагандыгын көрсөтүшү керек. Ошондо гана шайлоочулар курулай чечендерге же кыйкырык салгандарга эмес, чындыгында иш жүргүзгөн, ошол иши боюнча туруктуу отчет берип тургандарга өз добуштарын беришет.

“Биз бардыгыбыз,- дейт президент, - саясатчылар, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрү, бир суроого так жооп берүүгө тийишпиз. Улут катары биз кимбиз? Биздин гуманитардык саясатыбыздын реалдуулугу дал ошого байланыштуу болот. Ансыз биз жалпы келечекти куруу үчүн бириге албайбыз, геосаясый таламдарыбызды жарыя кылып, кармап кала албайбыз. Жакынкы жылдары биздин өлкөнүн башкы идеологиясы - улуттук таламдарды жүзөгө ашыруудагы акылга сыярлык тең салмактуулук идеологиясы болуп калат”. 

“Бүгүн айрым саясый позициялар жана жеке пикирлер эмес, бардык таламдаш күчтөрдүн, жарандардын өлкөнү чындап алга илгерилетүүгө катышуусу мурда болуп көрбөгөндөй маанилүү экендигин дагы бир жолу баса белгилегим келет. Биздин Мекенибиз бир, жерибиз бир, жана конструктивдүү сунуш киргизген ар бир добушка биз алардын кайсы партияга таандык экендигине жана саясый ниеттерине карабастан, кулак төшөөгө даярбыз»,- деп мамлекет башчысы оппозициянын да “бийлик бизди укпайт” деген айгайына жооп таштады. Президенттин бул кайрылуусу – Курманбек Бакиевдин чыныгы журт лидери экендигин көрсөткөндүгун бардык эксперттер белгилешти. Курулай мактоо болбосун үчүн, ошол эксперттердин пикирине да кайрыла кетсек. Маселен, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору Т. Кененсариев республикадагы кадрдык чечкиндүү саясат учур талабына жараша жасалгандыгын белгилеген. “Анткени, 2009 жыл Кыргызстан үчүн да, Президент үчүн да стратегиялык мааниси чоң жыл болчу. Ал эми 2008-жылдагы азык-түлүк коопсуздугунда, табигат кырсыгын жоюуда, электр энергия менен камсыз кылууда келип чыккан проблемалар ушул кадрдык реформаларды шарттады. Ошондуктан кызматына жаңычыл, чечкиндүү мамиле кыла турган кадрлардын келип жатышын колдоймун”,- дейт ректор. Баарынан да Ташманбет мырзанын төмөнкү сөздөрүнө маани берүү керек: “2009-жыл Кыргызстандын өнүгүүсүнүн мерчемдүү учуру. Ал гана эмес президенттик мөөнөттүн да чечүүчү жылы. Символдуу түрдө кытыратып дан чогултканы менен, кайра эле кап тешип дан уурдаган чычкан жылынан (болгондо да катаал, суусуз, улуу инсандарды алып кеткен високосный жыл болгон 2008-жылдан) өтүп, кеңирсиген мээрман, берекелүү уй жылынын башында бул Кайрылуу айтылды. Демек, Кайрылуунун учурдагу тарыхый этаптагы мааниси да зор. Кайрылуунун улутту бириктире ала турган, мекенчилдик сезимди курчута ала турган жана жаңы демилгелерге шыктандыра ала турган күчү чоң экендигин баамдоого болот”.

Жогорку Кеңештин депутаты Автандил Арабаев да бул кайрылуу өзгөчө мааниге ээ экендигин айтып берген. “ Курманбек Салиевич ушул кайрылуусу менен өзү улуттун чыныгы лидери экендигин көрсөтүп кетти. Бул жерде дагы бир белгилей кете турган нерсе, ушул кайрылуунун негизги өзөгүн түзгөн маселе Кыргызстандын келечеги үчүн өлкөнү өнүктүрүүгө карата мамлекеттик бийлик органдары өз кызматчылары менен бирге саясый партиялар, саясый кыймылдар, биздин жеке жарандар кайсы партияда, кандай көз караштарда болушкандыгына карабастан баарыбыз чогуу биргеликте аракет жасашыбыз керек деген чакырыктын болгондугу. Кайрылуудагы жасалып жаткан кадамдар курулай эле сөз эмес. Президенттик Администрациянын өзүндөгү өзгөрүүлөр, жаңы кадрдык дайындоолор, мында "сен оппозициядансың, а сен позициядансың" деп тандабай, эң биринчиден кадрлардын алардын жаштыгына, профессионалдык деңгээлине карап, Өмүрбек Бабановго окшогон жаштарды чоң кызматтарга дайындоонун өзү Курманбек Бакиевдин айкөлдүгүн, көрөгөчтүгүн жана келечекке болгон жоопкерчиликти мойнуна ала билгендигин көрсөтүп жатат. Ошондуктан Кыргызстан үчүн күйгөн, мен Кыргызстандын патриотумун деген ар бир жаран активдүү позицияны ээлеп, өлкөнүн өнүктүрүү стратегиясын жана Президенттин жаңы курсун ишке ашырууга бардыгыбыз жапа тырмак ишке киришишибиз керек”,- деп эсептейт депутат.

2008-жылдын жыйынтыктарына көз чаптыра турган болсок, баарынан мурда стабилдүү саясий абал, дүйнөдөгү экономикалык жана финансылык кризис эске түшөт. Учурда кыргыз өкмөтү өткөн жылдын жыйынтыктарын чыгарып жатат. Экономиканы артка тарткан тармактар, кокусунан планды ашыгы менен аткарган кызматтар бар. Союздук ура-реформалар, андан кийинки Акаевдин “Экинчи Щвейцария” тууралуу жомокторун билесиздер. Кагаз жүзун карачу болсоң, экономика өскөндөн өсүп бараткан болот, а эл турмушу ордунан жылбайт. Атүгүл карапайым калктын турмушу бул кооз цифраларга карабай улам төмөндөгөн учурлар болгонун жакшы билип калдык. Ошондуктан статистикага бардык учурларда абдан чоң маани беришкен. Айыл өкмөтүнөн баштап министрлерге чейин өйдө жакка статистиканы кошуп жазуу принциби менен тапшырып келбеди беле. Муну жакшы билген Курманбек Бакиев президент болуп шайланары менен статистика органдарынан так жана чын статистиканы талап кылган. Жалган, көз боемочулук статистика менен шугулданган жетекчилерге президент эскерткен: кимиңердин мени жалган маалымат берип алдаганыңарды байкасам, токтоосуз кызматтан алам. Ошол эскертүүлөрдүн натыйжасыбы, айтор, акыркы жылдары статистикалык маалыматтар чындыкка окшошо түштү. Ошол статистика да Курманбек Бакиев кызматына киришкен жылдар жемиштүү болгондугун туюндуруп турат. Бул жылдар ичинде республикалык бюджеттин көлөмү дээрлик 2,5 эсеге өскөндүгун. Бул коррупцияга каршы күрөштүн таасири, мурда сол чөнтөккө урулуп келген каражаттар түз бюджетке түшүүдө. Анын натыйжасында пенсия, пособие жана бюджеттик мекемелерде иштегендердин айлык акылары тынымсыз өсүп олтуруп, учурда Кыргызстан боюнча орточо эмгек акысы 5 миң сомдон ашты (салыштырмалуу революцияга чейин бул көрсөткүч 1800 сомдун тегерегинде болгон). Социалдык курулуш жанданып, мугалимдер, дарыгерлер, күч структураларынын кызматкерлери жаңы турак-жайлуу болушту. Көптөгөн ачылып жаткан завод-фабрикаларды, ишканаларды айтып олтуруунун зарылчылыгы жок, бул иштер ар бир райондо жүрүп жатат.

Эң негизгиси, президенттин демилгеси менен бюджеттин эсебинен Камбарата-2 ГЭСинин курулушу башталып, кызуу жүрүүдө. Бул жумада Курманбек Бакиев орусиялык коллегасы Дмитрий Медведев менен Камбарата-1 ГЭСинин курулушун жүзөгө ашыруу боюнча принципиалдуу келишимге жетишти. Россия Федерациясы бул курулушта өнөктөш катары катышат. Россия бул максатта 1,7 млрд доллар каражат бермей болду. Дагы 300 млн доллар бюджетти колдоого берилет. Кошумча дагы 150 млн доллар кайтарымсыз жардам көрсөтүү келишимине коюлду. Бул кыргыз бийлигинин дүйнөнү каптаган финансылык кризис тушундагы эң чоң жеңиши. Россия муну менен гана чектелип калбастан, “Дастан” заводунун 48 пайыз акциясынын ордуна Кыргызстандын 180 млн доллар карызын биротоло кечмей болду. Боордош мамлекеттин кризистин кырдаалында өздөрү да кыйынчылыктарга дуушар болуп жаткандыгына карабастан жардамын аянбагандан кийин, Кыргызстан да тышкы саясатта Россияны стратегиялык өнөктөш катары таанып жаткандыгы чынында туура кадам. Ошондуктан кыргыз президенти АКШнын авиабазасын чыгаруу чечимин кабыл алды. “АКШ аба базасы жайгашкандан бери биз америкалык өнөктөштөр менен экономикалык компенсация темасын бир нече ирээт талкууладык, бирок түшүнүшүү таппадык. Атүгүл, Кыргызстандын атуулу А. Ивановдун өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишин аягына чыгаруу маселесин эки жылдан бери кабыргасынан коюп келсек да майнап чыккан жок. Мунун баары коомдо терс маанайдагы пикирлерди жаратты, коомчулук базанын туруму боюнча адилеттүү маселе коё баштады. Буга байланыштуу Кыргызстандын өкмөтү Манас аба майданында АКШ базасынын жайгаштырылышын токтотуу боюнча чечим кабыл алды жана жакынкы күндөрү сиздер өкмөт токтомду аткаруу боюнча жасай турган аракеттерге күбө болосуздар", - деп билдирди К.Бакиев. Бул аба базасынын тегерегинде чындыгында канча кеп болду. Америкалык жоокерлер кыргызды кыргыз жеринде канча кордоду, күйүүчү майларды төгүп атып жаратылышка кедерги алып келишти. Бул жагдайды эске алганда мамлекет башчысы эң туура чечим кабыл алды. Кошумчалай кетсек, дипломатия майданында да К.Бакиев бийликке келгенден кийин чоң жеңиштер болду. Кыргызстан катары менен Шанхай кызматташтык уюмунун, КМШнын жана ЕврАЗЭСтин саммиттерин жогорку деңгээлде өткөздү. Дүйнө коомчулугу Кыргызстанды ишенимдүу өнөктөш катары белгилөөдө.

Жогоруда айтылгандардын баарын жыйынтыктап келгенде, Курманбек Бакиев Кыргызстандын бактысы үчүн жаралган инсан экендигине көзүбүз жетет. Мамлекет башчысы кыска мезгилде экономикалык күч-кубатты чыңдоого болорун далилдей алды. А биз элге философиялык трактаттарга толгон ширин сөздү сүйлөгөн лидер эмес (Аскар Акаев), кооз сөздөн чыныгы жумушту жогору койгон чарбачыл президент керектигин (Курманбек Бакиев) учкул чындык катары кабыл алдык. Кудай мындай адамдарды жүз жылда бир жаратат. Ошондуктан, лидерибизге таш ыргытып, келжирек кепти көп айткан оппозицияны укпай, К.Бакиевге реформаларын ишке ашырууда жөлөк болушубуз керек деп эсептейм.

Нургазы Анаркулов,саясый эксперт 

Источник: Народная партия "Ак Жол"

  Обсудить новость на Форуме