12:30 10.09.2009 | Все новости раздела "Народная партия "Ак Жол""

Президент Курманбек Бакиевге алты мамлекеттин Элчилери ишеним грамоталарын тапшырды

8-сентябрда, Өкмөт Үйүнүн Ак залында Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевге ишеним грамоталарын тапшыруу аземи болуп өттү. Ишеним грамоталарын алты мамлекеттин Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчилери: Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасынын Элчиси Джаялат Вираккоди мырза, Куба Республикасынын Элчиси Абелардо Фабио Эрнандес Феррер мырза, Кипр Республикасынын Элчиси Петрос Кесторас мырза, Испания Королевствосунун Элчиси Альберто Антон Кортес мырза, Сербия Республикасынын Элчиси Елица Куряк айым, ошондой эле Казакстан Республикасынын Элчиси Бейбит Исабаев тапшырды.

Аземдин катышуучуларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө Президент Курманбек Бакиев Элчилерди Кыргызстандагы дипломатиялык ишинин расмий башталышы менен куттуктады. «Өзүңүздөр билгендей, бир аз мурун Кыргызстанда маанилүү саясий окуя — Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо болуп өттү. Анын натыйжалары Кыргызстандын эли өлкөдө болуп жаткан реформаларды жана жаңылануу курсун колдой тургандыгын айкын көрсөттү. Сиздер Кыргызстанда боло турган толук кандуу өзгөрүүлөргө жана прогрессивдүү реформаларга күбө гана болбостон, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү аркылуу өлкөбүздүн туруктуу демократиялык жана экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууга жеке салымыңыздарды да кошосуздар деп ишенем", — деди К.Бакиев.

Андан соң мамлекет башчысы Кыргызстандын аталган өлкөлөр менен болгон кызматташуусунун негизги аспектилерине токтолду. Президент Кыргызстан менен Шри-Ланка эл аралык саясаттын көптөгөн актуалдуу маселелери боюнча бирдей пикирде экендигин айтты. «Биз өз ара мамилелерибиз динамикалуу өнүгүшүнө көбүрөөк көңүл бурушубуз керек жана бул үчүн расмий мамилелерди активдештирип, макулдашуу-укуктук базаны кеңейтүүнүн үстүндө иштөөбүз зарыл», — деди К.Бакиев.

Кыргызстандын Куба менен болгон мамилелеринде медицина, фармацевтика, туризм сфераларында, билим берүү жана кант өндүрүшү жаатындагы кызматташтыкты активдештирүү керек, деп эсептейт Президент. Ошондой эле маданий-гуманитардык жана илимий-техникалык байланыштарды калыбына келтирип, колдон келишинче өнүктүрүү зарыл.

Кыргызстан да, Кипр да — ЕККУга(ОБСЕ) мүчө мамлекеттердин катарына кирет жана ЕК (ЕС) программаларынын жана долбоорлорунун алкагында өз ара байланыштары бар. Ошондон улам өз ара кызматташтыктын өнүгүүсү дүйнөлүк интеграциялык процесстердин контекстинде жаңы сапаттык негизге ээ болуусуна умтулуу зарыл, деди К.Бакиев.

Президент Кыргызстан Испанияны Европа аймагындагы маанилүү өнөктөштөрдүн бири катары карай тургандыгын белгиледи жана соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү үчүн колдо бар кенен мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу колдонуунун зарылдыгын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы Балкан регионундагы мамлекеттер менен кызматташууну Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири деп белгиледи. «Бул жаатта биз кыргыз-серб мамилелерин экономика, маданият жана туризм сфераларында кеңейтүүгө ынтызарбыз. Сербиянын экономикасынын тез өнүгүп баратканын эске алсак, Кыргызстан менен Сербиянын өз ара пайдалуу байланыштарынын өнүгүшү келечектүү экендиги анык», — деди К.Бакиев.

Кыргызстандын Казакстан менен кызматташтыгына кайрылып, Президент өлкөлөр ортосундагы байланыштардын бийик деңгээлин баса белгилеп, бул жакшы кошуналык мамилелердин, эки элдин маданияты, салт-санаасы, тарыхы окшоштугунун, кылымдардан берки достук мамилелердин сакталып келаткандыгынын шарапаты экендигин айтты. «Биздин мамлекеттердин ой-тилеги бир. Биз кызматташтыгыбыздын активдүүлүгүн сактап гана тим болбостон, анын келечектүү болушуна кам көрүп келебиз. Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын Жогорку Мамлекеттер аралык Кеңешинин конструктивдүү иши буга мисал боло алат. Биз жетишиилген макулдашууларды жүзөгө ашыруу боюнча активдүү иштөөгө даярбыз жана Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы союздук мамилелер мындан ары да тереңдеп, кеңейе бере тургандыгына ишеним артабыз», — деди К.Бакиев.

Сөзүнүн аягында Президент Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Элчилердин кыргыз жериндеги дипломатиялык ишине бардык зарыл болгон көмөгүн көрсөтө тургандыгын баса белгиледи. " «Ишиңиздердин жыйынтыгы мамлекеттерибиздин ортосундагы саясий жана иштиктүү кызматташтыктын мындан да бийик деңгээлге чыгуусуна мүмкүнчүлүк берет деп үмүттөнөм", — деди К.Бакиев жана Элчилердин Кыргызстандагы иши натыйжалуу жана кызыктуу болушун каалады.

President.kg

Источник: Народная партия "Ак Жол"

  Обсудить новость на Форуме