20:32 21.07.2009 | Все новости раздела "Народная партия "Ак Жол""

Президент Курманбек Бакиев: Шайлоо учурунда эч кандай башаламандыкка жол берилбейт

«Президенттик шайлоолордун ачык жана айкын өтүшү үчүн зарыл болгон бардык чаралар көрүлдү. Эгер башаламандык уюштурууга аракет жасала турган болсо, аларга мыйзам чегинде бөгөт коюлат, биз өлкөдөгү стабилдүүлүктүн бузулушуна жол бербейбиз», — деп билдирди 21-июлда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Кыргыз Республикасындагы 2009-жылдагы президенттик шайлоолорго байкоо жүргүзүү боюнча ОБСЕ/БДИПЧ миссиясынын башчысы Радмила Шекеринска айым менен болгон жолугушуу учурунда.

Президент Курманбек Бакиев муну Радмила Шекеринска айымдын президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин айрым сөздөрүнө байланыштуу берген суроосуна жооп катары билдирди. ОБСЕ Миссиясынын жетекчиси акыркы мезгилде аталган талапкердин сөздөрүнүн төркүнү жана мүнөзү башкача нукка бурулгандыгын, ал айрым учурларда ар кандай иш-аракеттерге чакырууга чейин барып жаткандыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы Борбордук шайлоо комиссиясы ачык-айкын шайлоолорду өткөрүүнү камсыздоо боюнча бир топ иштерди аткаргандыгын кошумчалады.«Шайлоого даярдык көрүүнүн жүрүшүндө аныкталган айрым уюштуруу маселелерине байланышкан кемчиликтер жоюлду. Шайлоо тынч, бейпил өтө тургандыгына ишенем», — деди К.Бакиев.

Жолугушуу учурунда Радмила Шекеринска айым мамлекет башчысына Миссиянын Кыргызстанга келгенден берки ишмердүүлүгү туурасында маалымат берди. Анын сөзүнө караганда, бир нече күн мурда өлкөгө кыска мөөнөттүү байкоочулар келишкен. Шайлоо күнү республиканын шайлоо участокторунда, анын ичинде — региондогуларда да — жалпысынан 250 байкоочу иш алпарат.

Миссия буга чейин мындагы өз ишмердүүлүгү туурасында эки отчет жарыялаганга жетишти.«Шайлоо болгон күндүн эртеси алдын-ала отчет даярдалат. Ал эми жыйынтыктоочу финалдык отчет бир аз кийинирээк түзүлөт. Дал ушул финалдык отчетто биздин ишмердүүлүгүбүздүн жыйынтыктары, кеп-кеңеш-сунуштарыбыз чагылдырыла тургандыгын баса белгилегим келет», — деди Радмила Шекеринска айым.


Жолугушуунун аягында мамлекет башчысы ОБСЕ байкоочулары алдыда боло турган президенттик шайлоого объективдүү баа бере тургандыктарына үмүт артаарын билдирди жана Миссиянын ишине ийгилик каалады.

 

Источник: Народная партия "Ак Жол"

  Обсудить новость на Форуме