15:31 26.01.2010 | Все новости раздела "Народная партия "Ак Жол""

Президент К. Бакиев: Я верю, что с помощью Курултая Согласия будет заложен прочный фундамент...

Президент Курманбек Бакиев: Я верю, что с помощью Курултая Согласия будет заложен прочный фундамент конструктивного диалога между властью и гражданским обществом

Первое заседание Курултая согласия состоится в марте текущего года, в дни празднования Нооруза. Об этом Президент Кыргызской Республики Курманбек Бакиев сообщил 21 января в своем телеобращении к народу Кыргызстана.

Создание Курултая согласия является уникальной возможностью для возрождения Курултая как подлинного института народовластия.

За последние 17 лет репутации Курултая был нанесен серьезный ущерб из-за того, что прежняя власть и оппозиционные силы манипулировали общественным мнением, используя этот институт в корыстных целях. Порою Курултай становился местом организации различных демонстраций и маршей против действующей власти.

В этот раз Курултай, как высший представительный орган, будет использован в своём истинном значении, и станет эффективным инструментом роста доверия общества к власти.
 

Урматтуу мекендештер!

Өлкөбүз өзүнүн өнүгүү жолунда кезектеги баскычты аттады. Эми 2010-жыл Кыргызстандын жаңы тарыхында бурулуш мезгил болуп калууга тийиш. Өлкөбүздү сактап гана калбастан, аны жаңы белеске чыгаруу боюнча тарыхый озуйпа дал бизге, Кыргызстан элинин бүгүнкү муунуна буюруп отурат.

Дүйнөнүн тынымсыз өзгөрүлмө шартында биздин өлкө жаңы глобалдык көйгөйлөр менен проблемалардын босогосунда турганы белгилүү. Өлкөдөгү бардык жамааттардын катышуусу аркылуу гана аларды ийгиликтүү чече аларыбызды биз терең түшүнөбүз. Ааламдашуу биринчи кезекте Кыргызстан сыяктуу чакан мамлекеттердин улуттук жана маданий өз алдынчалыгына коркунуч туудурушу мүмкүн экени жашыруун эмес.

Буга байланыштуу бардык улуттар менен этносторду кыргыз улутунун айланасына баш коштуруу максатында жалпы улуттук баарлашууну камсыз кылуу, өлкөбүздүн келечеги үчүн этникалык жана диний аралык ынтымакка жетишүү зарылдыгы бышып жетилди. Президенттин Жаңылануу багытында мамлекеттик маанидеги чечимдерди кабыл алууда атуулдук ынтымак-ырашкерликке жана ой-мүдөөлөрдүн теңсалмагына жетишүү үчүн улуттук кеңешме орган катары Ынтымак Курултайын түзүү жөнүндө айтылганын сиздер билесиздер. Ошол тилек орундалып, Ынтымак Курултайынын жобосу даярдалды.

Бүгүн мен Курултайды март айында  — Нооруз майрамына аралаш өткөрүү жөнүндөгү  Жарлыкка кол койдум. Эл-журт ичинде абройлуу адамдардын башын кошо турган бул жалпы улуттук акыл-кеңеш жыйынына  баш-аягы 750 делегат кирет. 441 айыл округунан жана 18 шаарчадан бирден делегат, райондук жана облустук маанидеги 23 шаардын ар биринен үчтөн делегат, Бишкек шаарынан он жана Ош шаарынан жети делегат жергиликтүү курултайлар аркылуу шайланып келишет.

Мындан тышкары Курултайга чет жактагы эмгек мигранттарыбыздан 35 делегат шайланат. 20 делегат болсо диний конфессиялардын шайланып келишет. Ал эми Курултайдын делегаттарынын бештен бир бөлүгү, же 150 делегат Президенттин квотасы аркылуу көркөм өнөр, маданий, илимий, билимий, медицина, бизнес жамааттарынын аттуу-баштуу өкүлдөрүнөн,  белгилүү коомдук ишмерлерден жана нукура кесипкөй адамдардан, ошондой эле этномаданий бирикмелердин өкүлдөрүнөн куралмакчы.

Ток этер жерин айтканда, коомдун бардык катмарларынын ой-мүдөөлөрүн билдире ала тургандар нукура демократтык жол менен Курултайга делегат болуп шайланат деген ишеним бар.

Курултайда өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу, маданий мурастарды, экологияны сактоо жана өнүктүрүү, эне тилибиздин келечегине,  улутубуздун ден соолугуна, билим деңгээлинин өсүшүнө кам көрүү сыяктуу тагдыр чечерлик маселелер каралмакчы.

Жер-жерлерден тарта улуттук деңгээлге чейинки көйгөйлөр менен күнүгө аралашып жүргөн делегаттардын сунуштары менен кеңештери мамлекеттик көсөм чечимдерди кабыл алууга көмөкчү болот деп үмүт артып турам.

Ынтымак Курултайы аркылуу бийлик менен жарандык коомдун ортосунда жаратмандык алака-катышка бекем негиз салынып, анын артынан коом ичинде ынтымак-ырашкерликти жана биримдикти бекемдөөгө шарт түзүлөөрүнө  мен ишенем.

Кадырман калайык-калк!

Башка көптөгөн мамлекеттер сыяктуу эле биз да татаал маселелерге туш келип жатабыз. Ар бир өлкө ал маселелерди өз шартына, тарыхына жана келечек жөнүндө түшүнүгүнө жараша чечүү аракетин жасоодо. Мындайча айтканда, көчүрүп алгыдай даяр чечимдер эч жерде жок. Ошондуктан элибиздин акыл-ою менен тажрыйбасына гана таянуу керек.

Бизге демократия түспөлүндөгү декоративдик орган керек эмес. Бизге жагдайды калыс талдоо жана ар түркүн социалдык жана этникалык топтордун ачык-айкын баарлашуусу керек. Ошондуктан элибиздин эрки менен акыл-оюн боюна сиңирген адамдарды Курултайга көрсөтүү жагына көңүл бургум келет.

Ынтымак Курултайына эл-жер деп күйгөн жалын жүрөк азаматтарды, журтуна кадыры өткөн акылкөй карыяларды шайласаңыздар деп өтүнөм. Курултай иш жүзүндө бүт кыргызстандыктарды, Кыргызстанды өзүнүн бирден бир Мекени деп сезгендерди кыргыз элинин тегерегине бириктирүүнүн ордосу болуп калууга тийиш. Биз биргеликте алдыбызга койгон максаттарга жетерибизге терең ишенем. Бар бололу, бир бололу, азиз мекендештерим!

PREISDENT.KG



 

Источник: Народная партия "Ак Жол"

  Обсудить новость на Форуме