12:31 16.09.2009 | Все новости раздела "Народная партия "Ак Жол""

Партиялык гезиттерге жазылгыла!

“Ак Жол”гезитинин баш редактору Өмүрзак Төлөбеков ой бөлүшөт.

- ӨмүрзакЖолдошевич, «Ак жол» гезитине жазылуунун жүрүшу тууралуу айтып берсениз?

- Үстүбүздөгүжылдын август айынын этегинен тартып республикалык «Ак жол» элдик партиясынынжаңыдан уюшулган «Ак жол» гезитине жазылуу жүргүзүлө баштады . Жазылуу25- сентябрга чейин жүргүзүлмөкчү.4 айга- октябрь, ноябрь, декабрь жана 2010- жылдын январына жазылуу баасы 144сомдон.

Бул жазылуунун бир өзгөчөлүгү - аны «Ак жол» элдик партиясынын аймактык бөлүмдөрү аркылуу «Ак жол» гезитининредакциясы жүргүзүүдө. Демек,жазылуудан түшчү акчакаражаты мурдагыдай почта мекемелерине эмес, түздөн-түз редакциянын эсебине которулат.

Редакциянын банктык реквизити:

Банк получателя: ОАО РК «Аманбанк»

                               БИК:000107001

                               г. Бишкек,Кыргызстан

                               Получатель:Общественно- политическая газета «Ак жол»

                               р/ сч. №1071049910001496

 - Жазылууну негизинен«Ак жол» элдик партиясы жүргүзүпжатабы?

- Газета партиянын саясатын жана жүргүзүп жаткан иштерин элге кеңири жеткирүүчү таасирдуу саясий курал. Андыктан, «Ак жол» партиясы аты уйкашгезит чыгаруу чечимин кабыл алган. Азыркы мезгилде партиянын аткаруу комитети,областтык, райондук, шаардык жана баштапкы уюмдар, ошондой эле бардык мүчөлөрү бул маанилүү кампаниягаактивдүү катышып, гезиткежазылууну кызуу жүргүзүшүүдө.

- Гезиттин нускасын канча экземплярга жеткирүүнү болжолдоп жатасыздар?

- Республикалык «Ак жол» элдик партиясынын 100 миңден ашык мүчөсү жана дагы 100миңден ашык санаалаштары,пикирлештери бар. Алардын 20 пайызы жазылганда 40 миң нускага жетет. Партиянын жаңыдан уюшулган гезитин эл кеңири окуган көп нускалуу басма сөзгө айлантууга аракеттенип жатабыз.

- Ошол эле учурдапартиянын дагы бир органы – “Народная газета” басылмасынын келечеги тууралуукандай маалыматтар бар?

- “Народнаягазета” – “Ак Жол” элдик партиясынын орус тилиндеги расмий органы болупэсептелет. Бирок эки гезит өз алдынча иш жүргүзөт, редакциялык жамааттары дабөлөк. А түпкү максатыбыз бир. Ошондуктан партия жетекчилиги да “Народнаягазетага” жакындан көмөк көрсөтөт. Орус тилиндеги окурмандар рсепубликабыздакөп, аларга партиялык саясатты жеткизип туруу керек. Бул басылмага орусчаокугусу келген партия мүчөлөрү почтанын түйүндөрүнөн жазылса болот.

- Сиздер негизинен партиянын ишин чагылдырасыздарбы?

- Гезит жумасына бир жолу 16 бет көлөмдө чыкмакчы.Анын 2 бети такай партиянын ишмердүүлүгүнө  (жасалып жаткан иштер, алдыдагы милдеттер)арналмакчы. Калган беттерде саясат, экономика, бизнес, маданият жаңылыктары жана олуттуу проблемалартууралуу жазылмакчы. Дегеле партиянын максаты- экономиканы көтөрүп, элдин жашоо- турмушун жакшыртуу,маданий жана рухий деңгээлинжогорулатуу. Ошондуктан, биз жалаңпартиянын жүргүзүп жаткансаясатын жазуу менен чектелбей, ар кыл темадагы кызыктуу материалдарды жарыялаптурмакчыбыз.   

Биздин справка:

Төлөбеков ӨмүрзакЖолдошович – 1960-жылы Талас областынын Манас районунда Ак-Таш кыштагындатуулган. КМУнунжурналистика бөлүмүн бүтүргөн. Москвадан М.Горькийатындагы  бүткүл дүйнөлүк адабиятинститутунун жогорку курсунда окуган.

1978-1990-жылдарда Таласта райондук, областтык гезиттерде,республикалык «Ленинчил жаш», «Советтик Кыргызстан» гезиттеринде кабарчы болупиштеген. 1990-1995- жылдарда «Акбата» гезитинин, «Ак бата», «Кыргызстан» журналдарынын башкы редактору болгон.

Кийинки жылдарда адабий чыгармачылык менен иштеп, «Мен сенисүйөм», «Тыс-с, любовь разбудишь», «Сүйүү жана миллион» аттуу адабий, «Баткен», «Айыл башчы», «Революциягаарналган өмүр, же бир тууганБакиевдер» аттуу публицистикалык китептерди чыгарган.

Үстүбүздөгү жылдын июнь айынан бери республикалык«Ак жол» элдик партиясынын басма сөзкатчысы, август айынан бери «Ак жол» элдик партиясынын расмий органы болгон «Акжол» гезитинин башкы редактору.

Пресс-группа НП "Ак Жол"

Источник: Народная партия "Ак Жол"

  Обсудить новость на Форуме