04:00 28.01.2009 | Все новости раздела "Народная партия "Ак Жол""

Кызылкыя шаарындагы «Ак Жол» партиясынын делегаттарынын Кыргызстан элине Кайрылуусу

Урматтуу мекендештер!


Кыргыз Республикасынын Президенти, Бакиев Курманбек Салиевичтин 2008-жылдын 17-октябрындагы Кыргызстан элине Кайрылуусу өлкөбүздүн акыркы 3 жылдагы өнүгүүсү так көрсөтүлгөн, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн ар кандай багыттарын тактаган программалык документ болуп калды. Өзүнүн Кайрылуусунда, Курманбек Салиевич, азыркы дүйнөлүк финансалык кризис убагында өлкөбүздүн экономикасын туруктуу кармап, туруу боюнча жакшы пикирлерин билдирди.

Өлкөбүздүн Президенти , «Ак Жол» Элдик партиясынын лидери К.Бакиев бул Кайрылуусунун өлкөнүн өнүгүшү боюнча милдеттерге негизги басым жасагандыгы, 3 жылдан бери экономикадагы жакшы жетишкендиктерди бийлик булактарынын бирдиктүү иш-аракеттеринин натыйжасында аткарылгандыгын, алдыга койгон милдеттер бийликтин аткаруу бутактарынын иш-аракеттеринин натыйжасында аткарылгандыгын, алдыга койгон милдеттер бийликтин аткаруу жана мыйзам чыгаруу бутактарынын ишинин тездигине жана максатка багытталгандыгына байланыштуу болорун, жаңыланууга жана реформаларга карай бет алуу жалгыз туура багыт экендигине өзгөчө көңүл бургандыгы бизди көп нерсеге үмүттөндүрөт жана өз кезегинде милдеттендирет.
 Кайрылууда мамлекетибиздин, элибиздин өнүгүшүндө ийгилик алып келүүчү үч негизги багыт көрсөтүлдү. Алар:
1. Дүйнөдө болуп жаткан финансалык кризистерге карата мамлекетибизде туура иш-чараларды жүргүзүү жана күтүүсүз абалга татыктуу жооп берүүгө жөндөмдүү болуу;
2. Мамлекеттеги энергетика жана айыл чарбасындагы кризистик проблемаларды чечүү;
3. Келечекте экономикада конкуренциялык жөндөмдүүлүктү жогорулатуу.

Кымбатуу Кыргызстандыктар!


 «Ак Жол» Элдик партиясынын лидери Бакиев Курманбек Салиевичтин Кайрылууда көрсөткөн багыттары ар-бир кыргызстандыкка татыктуу турмушту камсыз кылуучу багыт. Президентибиздин койгон тапшырмаларын аткаруу үчүн «Ак Жол» Элдик партиясынын ар-бир мүчөсү, баардык кыргызстандыктар Мекенибиздин коомдук саясый турмушуна активдүү катышууга, өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн түзгөн стратегиялык программаларын колдоого, Ата-Мекенибиздин өсүп-өнүгүшүнө, мамлекеттин, элдин келечеги үчүн бардык күч-аракеттерибизди жумшоого тийиштүү экендиги ачык-айкын.
 Эгерде коомдо туруктуулук өкүм сүрүп, жумушчу маанай болсо, биз алга карай ишенимдүү илгерилөөгө жөндөмүү экендигибизди жыл ичинде жасалган иштер көрсөттү. Президентибиздин бүгүнкү күндө дүйнөдөгү болуп жаткан экономикалык кризистин Кыргызстанга тийгизүүчү терс таасирин алдын алуу боюнча алып барып жаткан саясатын колдойбуз.
 Биз, Кызылкыя шаарынын «Ак Жол» Элдик партиясынын 3-конференциясынын делегаттары бүтүндөй кыргыз элине, кадырман калкыбызга кайрылуу менен баарыңыздарды, Президентибиз Курманбек Салиевич Бакиевдин айланасында баш кошууга жана биримдикке чакырып, алдыдагы өлкөнүн тагдыры, Кыргызстандын келечеги үчүн ар-бириңиздерден тушубузда турган кыйынчылыктардан чыгуу үчүн жалпылап аракет кылууга, чоң жоопкерчилик жана патриоттуулук менен иштөөгө чакырабыз.

Пресс-группа Народной партии "Ак Жол" 

Источник: Народная партия "Ак Жол"

  Обсудить новость на Форуме