12:00 27.01.2009 | Все новости раздела "Народная партия "Ак Жол""

Кызылкыя шаарында «Ак Жол» Элдик партиясы конференция уюштурду

Кызылкыя шаарында «Ак Жол» Элдик партиясы конференция уюштурду

2009-жылдын 24-январында Кызылкыя шаарында баштапкы партиялык бөлүмдөрдүн бириккен конференциясы болуп өттү. Бириккен конференцияга 184 делегат катышты.
Конференцияда төмөнкү суроолор каралды: 

1. Кыргыз Республикасынын Президенти Бакиев К.С. 2008-жылдын 17-октябрындагы кыргыз элине кайрылуусу жөнүндө;
2. Партия түзүлгөн мезгилден берки Кызылкыя шаардык бөлүмүнүн иши боюнча шаардык бөлүмдүн координатору Эранов М.К. отчету жана партиялы бөлүмдүн алдыдагы милдеттери.
3. «Ак Жол» Элдик партиясынын IV съездине делегаттарды шайлоо;
4. «Ак Жол» Элдик партиясынын Баткен областтык бөлүмүнүн конференциясына Кызылкыя шаарынан делегаттарды шайлоо.
Кызылкыя шаарындагы «Ак Жол» Элдик партиясынын баштапкы партиялык бөлүмдөрүнүн бириккен конференциясынын делегаттарынын Кыргызстан элине кайрылуусун кабыл алышты.

 

 

 

 

 

 

 

 "Ак Жол" Элдик партиясынын пресс-группасы. 

Источник: Народная партия "Ак Жол"

  Обсудить новость на Форуме