20:30 25.06.2009 | Все новости раздела "Народная партия "Ак Жол""

Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Курманбек Бакиевдин Жалал-Абад облусунда...

Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Курманбек Бакиевдин Жалал-Абад облусундагы шайлоочулар менен жолугушу

2009-жылдын 20-июнунда Жалал-Абад шаарындагы «Курманбек» стадионунда, Кыргыз Республикасынын Президенттик кызмат ордуна талапкер, Бакиев Курманбек Салиевич, Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун шайлоочулары менен жолугушуу өткөрдү.

         Жолугушууда шайлоочулар  талапкер К.С.Бакиевди өзгөчө шаң, кол чабуулар (овация)  жана  «БА-КИ-ЕВ» деген чакырык менен тосуп алышты.

К.С. Бакиев шайлоочулардын алдына трибунага чыкканда, талапкерди коштоп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеъешинин «Ак-Жол» фракциясынын депутаттары  К Жолдошев, Р.Тагаев, А Бурханов, А.  Арабаев , З. Бекенова           «Ак-Жол» Элдик партиясынын Жалал-Абад облустук комитетинин катчысы А. Бектемиров жана талапкер К. Бакиевдин Жалал-Абад шаары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү К. Токтомаматовдор кошо чыгышты.

Жолугушууну талапкер Бакиев Курманбек Салиевичтин Жалал-Абад шаары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү К. Токтомаматов жолугушууну ачып, сөздү талапкер Бакиев Курманбек Салиевичке берди.

Талапкер К. Бакиев  акыркы төрт жылда аткарылган иштер жана алдыга коюлган максаттар жөнүндө маалымат берди.


Андан кийин, «Ак-Жол» Элдик партиясынын жаштар комитетинин мүчөсү, Адыл уулу Бакытка сөз берилди.

Адыл уулу Бакыт мурдагы бийликтин он беш жыл аралыгында жасаган иштери жана Бакиев К.С. жетектеген  бийликтин төрт жылда жасаган  иштерин салыштыруу жолу менен,  азыркы бийликтин артыкчылыгы жөнүндө сөз сүйлөдү.

Мындан сырткары, жолугушууда үч шайлоочу сөз сүйлөдү.

 

Жолугушууну Кыргыз Республикасынын азыркы Президенти, Президенттик кызматка талапкер, К.Бакиев жыйынтыктоочу сөзу менен бүтүрдү

 

Кыргыз Республикасынын Президентигине талапкер К. С Бакиев 

20-июнь күнү Жалал-Абад областына караштуу Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондорунун эли менен Кербен шаарындагы борбордук «Токтогул Сатылганов» атындагы паркта жолугушуу өткөрдү. Бул жолугушууга Чаткал районунан 200, Ала-Бука районунан 1000, Аксы районунан 5000 ашык шайлоочулар келип, жалпысы 6000-7000 тегерегиндеги эл чогулду.

Жолугушуунун жүрүшүн  Кыргыз Республикасынын Президентигине талапкер К. С Бакиевдин Аксы району боюнча ишенимдүү өкүлү

Т. Итибаев алып барды. Ал эми Кыргыз Республикасынын Президентинин Жогорку Кенештин депутатары А. Кулбаев, Б. Наргозуев, А. Кабаев коштоп жүрүштү.

Кыргыз Республикасынын Президентигине талапкер К. С Бакиевдин сөзүнөн кийин ар бир райондон шайлоочулар чыгып сөз сүйлөө менен негизинен 4 жыл аралыгында өлкөбүздө аткарылып жаткан алгылыктуу иштерге ( Камбар –Ата -2, жаны мектептердин курулуусу, балдардын ысык тамак, жолдорду ремонттоо, пенсиянын көбөйүшү) ж.б социалдык-экономикалык маселелерге токтолушту.

Пресс-служба Народной партии "Ак Жол"

Источник: Народная партия "Ак Жол"

  Обсудить новость на Форуме