20:30 29.06.2009 | Все новости раздела "Народная партия "Ак Жол""

Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Курманбек Бакиевдин Чуй облусундагы шайлоочулар менен жолугушу

Үстүбүздөгү жылдын 26-июнунда Сокулукта Кыргыз Республикасынын президенти, президенттикке талапкер Курманбек Салиевич Бакиев шайлоочулар менен жолугушту.

Иш чара райондун борборунун ортолугунда жайгашкан райондук мамлекеттик администрациянын артындагы орто мектептин имаратынын спорттук аянтчасында өттү.

Президент менен жолугушууга  райондун айыл-кыштактарынан, борборунан адамдар арбын-жыш келип, жалпы саны 5-6 миңге чамалап барды.

Эртемененки саат 8дерден баштап калк кылк-кылк агылып, аларга республиканын белгилүү эстрада жылдыздары Айбек Карымов, Асель Турдалиева, Кутман Жолдошов башташкан артисттер, Рахман Раззыков жетектеген куудулдар тобу кызыктуу концерт тартуулашты.

Саат 9дан өтө президенттин картежи көрүнүп, чогулгандар дүрбөй Курманбек Салиевичти күтүштү. Бакиев машинеден түшө бергенде сан миңдеген кишилер шапалактата кол чабышып, кыйкырык-сүрөөн менен коштой сүйүктүү лидерин кубанычтуу тосуп алышты.

Жолугушууда К.С. Бакиев өзү президенттик бийлик жүргүзгөн төрт жылда аткарылган иштерди белгилеп, элдин жашоо-турмушун жакшыртып, Кыргызстандын экономикасын көтөрүү үчүн алдыда жасалуучу олуттуу багыттарга кенен токтолду.

Курманбек Салиевичтин сөзүн эл кунт коюу жана зор кызыгуу менен угушуп, улам кол чабуулар менен кубаттап, коштоп турушту.

Өзгөчө президенттин пенсияны 50 пайызга көтөргөндүгүн, мугалимдер менен медиктердин жыйналган акчаларын 10-июлга чейин толук алыша тургандыктарын билдирүүсү дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштолду.

«Бакиев», «Биз Бакиевди колдойбуз!» деген бадырайта жазылган  ураандар көтөрүлүп турду.

Президенттикке талапкер К.С. Бакиевдин ыйгарым укуктуу өкүлу Канатбек Садыров, Шопоков атындагы гимназиянын мугалими Дилара Шералиева, ишкер Ю.Ф. Тюлкин Курманбек Салиевичтин президенттик кызматта Кыргызстандын экономикасын өстүрүүдө чоң ийгиликтерге жетишкендигин кубануу менен айтышып, ал кишиге баштаган иштерин андан ары улантуусуна мүмкүнчүлүк берип, шайлоочуларды 23-июлда толук колдоп добуш берүүгө чакырышты.

- Мен да эки жыл бою сизди «Кетсин!» деп жүргөндөрдүн арасында болдум. Бирок, бара-бара сиздин элге жасап жаткан алгылыктуу  кызматтарыңызга ыраазы болуп ал жолдон кайттым, - деди райондун жашоочусу Райымкулов Майор. – Курманбек Салиевич,

Манастын алтынчы осуятында айтылган кечиримдүүлүктүн, айкөлдүктүн чоң үлгүсүн көрсөтүп, сиз кечээ өзүңүздү «Кызматтан кетсин!» деп аябай тескери кептерди айтып жүрүшкөн Алмазбек Атамбаевди өкмөт башчылыгына, Өмүрбек Бабановду өкмөт башчысынын биринчи орун басарлыгына, Мелис Эшимкановду мамлекеттик телерадионун жетекчилигине, Өмүрбек Субаналиевди Нарын облусунун губернаторлугуна көтөрдүңүз. Мунуңуз чоң акылмандык саясат болду.

Республикада жасалып жаткан жакшы иштерди мен өзүбүздүн мисалдан көрсөткүм келет. Биз райондун аймагына 50 гектар жерге улуттук ден-соолук чыңдоо спорт комплексин куруп жатабыз. Жакын арада курулушту бүтүп, пайдаланууга бергени турабыз. Ошонун салтанаттуу ачылышына келип катышып, өзүңүз күбө болуп кетүүңүздү суранабыз.

- Курманбек Салиевич Бакиев бийликке келгенден бери бир катар жүрөк толкундаткан ийгиликтер жаралып жатат. Кийинки он беш жылда чоң курулуштар эмес, көп кабаттуу үйлөр салынбай калды эле, эми минтип Орто Азияны дүңгүрөткөн ГЭСтер салынып жатат. Камбар-Атанын жүрөгү болгон 80 тонналык чоюнду биздин Сокулук району аркылуу алып өткөндө топ-топ боло көчө бойлоп Кыргызстаныбыз, Кыргыз элибиз, урматтуу президентибиз Бакиев үчүн толкунданып, дүркүрөп турдук.

Сиздин туура жетекчилигиңиз астында элиңиздин жашоо-турмушу кудайга шүгүр, оңолуп калды. Башканы коюңуз, «Москвич» сатып албай, «Москвичке» түшпөй, иномаркада кайкалап калдык, - деп элди дуу түшүрдү маданият кызматынын ардагери АйымканЖаманкулова.

Райондун ардактуу атуулдары Токтоналы, Сардар аксакалдар кыргыздын ыйык салтына ылайык Курманбек Салиевичке ак жол каалашып, ак бата беришти.

Ушул эле 26-июнь күнү Кыргыз Республикасынын президенти, президенттикке талапкер Бакиев Курманбек Салиевич Беловодское кыштагында  Москва районунун, ал эми Кара-Балта шаарында Жайыл, Панфилов райондорунун шайлоочулары менен жолугушуу өткөрдү. Бул иш чараларга да эл арбын келип, жолугушуулар жогорку деңгээлде өттү.

Өзгөчө Кара-Балтада борбордук «Манас» стадионуна эл жык-жыйма толуп, миңдеген кишилер орундук жетпей туруп калышты.

Жолугушууларды Курманбек Бакиевди президенттикке көтөргөн республикалык «Ак Жол» элдик партиясынын область, райондордогу бөлүмдөрүнүн жетекчилери, президенттикке талапкер Курманбек Салиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөру уюштурушуп, иш чараны да алып барып жатышты. Областтык, райондук мамлекеттик администрация жетекчилери, деги эле мамлекеттик кызмат жетекчилери мыйзамга ылайык бул жолугушууларга катышышкан жок.

Пресс-служба народной партии "Ак Жол"

Источник: Народная партия "Ак Жол"

  Обсудить новость на Форуме