20:31 07.07.2009 | Все новости раздела "Народная партия "Ак Жол""

КУРМАНБЕК БАКИЕВДИН ТАЛАПКЕРЛИГИН ЭМНЕ УЧУН КОЛДОЙБУЗ!

Республикалык «Ак жол» элдик партиясынан Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Курманбек Салиевич Бакиев азыркы күндө жумурияттын шаарлары менен айыл-кыштактарын түрө кыдырып, жүз миңдеген шайлоочулары менен жолугушууларды өткөрүп жүрөт.

Жолугушууларда басымдуу көпчүлүк калк Бакиевди кызуу кубатташууда.

Чыгып сүйлөгөн, деги эле Курманбек Салиевичтин талапкерлигин президенттикке ылайык көргөндөр Бакиевди эмне үчүн колдошоорлугун негизинен төмөндөгүдөй жүйөөлөр менен түшүндүрүшүүдө:

 Бакиев – илим-билимдүү, адамгерчиликтүү, калыс, таза инсан, башкаруу мектебинин бардык баскычтарын басып өткөн чоң тажрыйбалуу жетекчи.

Мектепти ошол кездеги шартка жараша негизинен орус тилинде окуп, Куйбышев (азыркы Самара) шаарындагы политехникалык институтту бүтүргөн. Бул жогорку окуу жайдан Черномырдин, Вяхирев өңдүү белгилүү адамдар билим алышкан. Окууну бүткөндөн кийин ал жердеги СССРдеги көрүнүктүү Масленников атындагы заводдо 7 жыл электромеханик, инженер болуп иштеген. Кыргызстанга 30 жаш курагында чоң тажрыйба, билим-билги менен келип, Жалалабаттагы СССРдин электрондук өнөржай  министирлигинин заводунда иштеген. Ал жерде башкы инженердин орун басарлыгына чейин көтөрүлүп, 1985-жылы Көк-Жаңгактагы профиль заводуна директорлукка коллектив тарабынан шайланган. Артта калган заводу кыска аралыкта алдыңкы катарга кошуп, Бакиев Компартиянын Көк-Жаңгак шаардык комитетинин биринчи катчылыгына, эл депутаттарынын Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин төрагалыгына көтөрүлөт. Ал жерден Тогуз-Торо районуна акимдикке которулуп, кийин Жалалабат облусунун губернаторунун биринчи орун басары, губернатору болуп иштейт. Чүй облусун да башкарат. Мындай чоң тажрыйбалуу жетекчи 2000-жылы Кыргыз Республикасынын өкмөт башчылыгына альтернативалуу негизде Жогорку Кеңеш тарабынан шайланат.

2002-жылы өкмөт башчылыгынан өз ыктыяры менен кетип, Жогорку кеңештин депутаттыгына Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондорунан шайланат.

Ошентип, Курманбек Салиевич завод, шаар, район, облус, республика өкмөтүн башкарган өтө зор тажрыйбалуу жетекчи.

Жетекчилик тажрыйбасы жок адамдар экономикасы отурган өлкө башына келишип, эл турмушун ого бетер начарлатышканын Акаевдин мисалынан көргөнбүз. Азыр Бакиевден бийлик талашкан оппозиция башчыларынын дээрлик көпчүлүгү, ал түгүл бүт эле башкаруу мектебинин баскычтарын басып өтүшкөн эмес. Өндүрүш, экономика, эл башкаруу жагынан тажрыйбалары жарды.

Бакиев мектепти орусча окуп, Орусияда көп жыл иштеп, кийин да көп улуттун өкүлдөрү эмгектенишкен коллективде бышып, интернационалисттик духта тарбияланган. Демек, урууга, аймакка, атап айтканда, түндүк-түштүккө бөлгөн пас түшүнүктөн өйдө көтөрүлгөн.

Курманбек Салиевич завод, шаар, район, облус, өкмөт башчылыгында – каерде болбосун мыкты иштеп, өзүн чыгаан ишмер катары көрсөтө алган. Адам катары дайыма таза, түз сүйлөгөн жана жашаган. Ошон үчүн 2005-жылы Акаевдин бийлиги аласалаар астында оппозиция, көпчүлүк эл республика жетекчилигине Бакиевди алып чыгышты.

Ал учурда Акаевдик бийлик өкүм сүрүп турган. Каардуу бийликке каршы чыгып, мамлекет башчылыкка ат салышууга ар ким эле даай бербейт. Ал үчүн бекем эрк, эр жүрөк керек. Бакиев башты канжыгага сайып, Акаевдик адилетсиз режимге каршы күрөштүн ири алдына түштү.

Кыргыз бийлигин жетектөөгө Курманбек Салиевич элдин колдоосу астында  адилет жол менен келди.

Акаев кеткени менен  бийлик, байлык короосунда жүрүшкөн чоң топтор бар болчу. Алар Бакиев жетектеген элдик жаңы бийликке бут тосушуп, арадан жарым жыл айланбай уран чакырышты: «Бакиев кетсин!» дешип.

Аларга карапайым калк катмарынан бир даарлар кошулушуп, эки жыл бою пикет, митинг байма-бай кайталанып, өлкөнүн экономикасына зор кедерги тийгизди.

Мындай кырды бычак абалдан Курманбек Салиевич чыдамкайлык, акылмандык менен гана чыга алды.

Кийинки эки жылда экономика олуттуу өсүү жолуна түштү.

Мамлекет бюджети төрт жылда 3-3.5 эсе өстү.

Өлкөнүн валюталык резерви 2.2, тышкы сооданын көлөмү 3.1 эсеге көбөйдү.

Орточо айлык акы 2.3 эсе жогорулап, 5217 сомго жетти.

Пенсия-пособиелер жыл сайын жогорулап, быйыл 1-июлдан баштап дагы 50 процентке көбөйтүлдү.

Камбар-Ата-2 ГЭСи баш болгон ири курулуштар жүзөгө ашып жатат. Бардык аймактарда жаңы заводдор менен фабрикалар курулуп, ишке киришти.

Кийинки он жылдыкта токтогон жаңы мектептердин курулушу колго алынды. Жылына республика боюнча 200дөн ашык мектеп имараттары ишке киргизилүүдө. Мектептерде спорттук залдарды, аянтчаларды куруу, эскилерин оңдоп-жөндөө салтка айланды.

Турак-жайларды тургузуу кулач жайды. Бюджеттик мекемеде иштеген кызматкерлерге жыйырма жылга жакын мезгилден бери биринчи жолу акысыз үйлөр бериле баштады.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 130 көп кабаттуу там курулуп жатат.

Шаарларда, айыл-кыштактарда жеңил автомашиналар арбыды. Мындан төрт жыл мурда республика боюнча 250 миң жеке менчик жеңил автомашина бар болсо, азыр ал 400 миңге чаап барды.

2005-жылы кол телефондор 300 миң болсо, азыр 3 миллионго жетти.

Кыскасы, республикада экономика өнөгөө жолуна түшүп, элдин жашоо-турмушун жакшыртууда олуттуу ийгиликтер жетишилип жатат.

Бул мамлекет башчыбыз Бакиевдин экономикага чоң көңүл бургандыгынын жемиши.

Дүйнөлүк каржы каатчылыгына (экономикалык кризис) карабай алдыдагы мелгилде Курманбек Салиевичтин туура жетекчилигинин астында Кыргызстан экономикалык жаңы өнүгүүлөрдү жасоонун алдында турат.

Дал ушундай шартта Курманбек Бакиевдин Кыргыз Республикасынын президенттигинин кызматын улантуусу эл үчүн, Кыргызстан үчүн өтө керек.

Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай – төрт жылда Курманбек Салиевич мамлекет жетекчисинин чоң тажрыйбасына ээ болду. Улуу державалардын эл башчылары менен ар кандай ири жыйындарга көп катышып, дүйнөлүк деңгээлдеги маселелерди чечүүгө аралашты. Президентибиз бардык жерде Кыргызстандын таламын батыл талашып, өзүн дайыма билимдүү, компетенттүү жетекчи катары көрсөтө алды.

Бир мисал – «Манас» аэропортуна жайгашкан «Ганси» авиабазасы үчүн ижара акысын көбөйтүү маселесин дүйнөдөгү дөө-шаа мамлекет болгон Америкага кырынан коюп, акыры чоң натыйжага жетише алды.

Курманбек Салиевич мамлекеттик жетекчиликте орошон тажрыйба топтоого жетишип, Кыргызстанды гүлдөтө өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүнө толук ээ болду.  

Источник: Народная партия "Ак Жол"

  Обсудить новость на Форуме