04:15 07.02.2009 | Все новости раздела "Народная партия "Ак Жол""

Автандил Арабаев: Кредиттин бир бөлүгүн айыл чарбасындагы көйгөйлүү маселелерди чечүүгө жумшасак жакшы болмок

Автандил АрабаевМосква шаарында кол коюлган эки тараптуу келишимдер Россия тарабынан Кыргызстанга көрсөтүлгөн чон колдоо. Бул тууралуу бүүнкү парламент олтурумунда Жогорку Кеңештин депутаты, “Ак Жол” Элдик партиясынын төрагасынын орун басары Автандил Арабаев билдирди. 

Депутаттын айтымына караганда, бүгүнкү дуйнөлүк каржы кризиси учурунда Россиянын жетекчилигинин мындай кадамына чон ыраазычылыгыбызды билдиришибиз керек. “Биздин Россияга болгон карызыбыздын жоюлушу, бөлүнүп жаткан каржылык гранты жана кредити өлкөбүздөгү экономикалык гана эмес, социалдык маселерди чечүүгө да чоң жол ачып жатат. Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, келечекте Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө бекем пайдубал түптөшүбүз керек”,- деди А.Арабаев.

“Өзүнүздөргө белгилүү болгондой, мамлекет башчыбыз Курманбек Салиевич Бакиев 2008-жылдын 17-октябрындагы кайрылуусунда агрардык сектор биз үчүн экономиканын маанилүү бөлүгү экендигин белгилеп, Өкмөттүн алдына финансылык, материалдык, техникалык ресурстарды берүү аркылуу колдоо көрсөтүү милдетин койгон.

Ошону менен бирге агроөнөржай комплексинин ишканалары биздеги биринчи кезектеги долбоорлор болуп калууга тийиш деп баса белгилеген. Ал эми 24-ноябрдагы донорлор жана ишкерлер менен болгон кенешмеде айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрдү колдоо зарыл экендигин дагы бир ирет белгилеген. Ушуга байланыштуу Россия тарабынан бөлүнүп жаткан 150 миллион доллар эсебиндеги грантты жана 300 миллион кредиттин бир бөлүгүн айыл чарбасындагы көйгөйлүү маселелерди чечүүгө жумшасак жакшы болмок”,- деп билдирди элдик депутат.

“Айыл чарба продукцияларына мамлекеттик заказ киргизип, мамлекеттик-менчик лизинг компанияларын колдоп, айыл чарбасын техника менен камсыз кылсак, биринчиден, буга кеткен каражаттар толук бойдон кайтарылмак, экинчиден, Президентибиз Курманбек Салиевич Бакиевдин Жогорку Кенеш менен Өкмөттүн алдына койгон милдеттерди ишке ашырмакпыз. Ошону менен бирге Россиядан алган грантты бюджетти эле колдоп чектелбестен, аны айыл чарбасын, жалпы эле өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүү үчүн узак убакытка колдонго шарт түзүлөт”,- деген оюн ортого салды Автандил Арабаев

Пресс-группа Народной партии "Ак Жол" 

Источник: Народная партия "Ак Жол"

  Обсудить новость на Форуме