12:30 10.09.2009 | Все новости раздела "Народная партия "Ак Жол""

Актуалдуу маек

Жогорку Кенештин депутаты, «Ак Жол» элдик партиясынын торага орун басары, республикабыздын эмгек синирген юристи Автандил Арабаев мамлекеттик башкаруу системасындагы реформалар жөнүндө ой бөлүшөт.

Президентибиз К.С. Бакиевдин мамлекеттик башкаруу жаатында жүргүлүзөтурган сунуштарын кандай кабыл алдыныз?

- Бул биринчиден өз учурунда көтөрүлгөн демилге. Себеби мамлекетибиздин мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсү, жаны күч алып келе жаткан бүткүл дүйнөлүк кризистин 2-этабынан мүмкүн болушунчааз жоготуулар менен чыгуусу бүгүнкү күндүн шартына туура келген стратегиялык маанидеги чечимдерди кабыл алуу менен тыгыз байланыштуу. Ушул өнүттөн караганда, мамлекет башчыбыздын алдында бир топ татаал маселелер турат. Алардын эн негизгиси – бул натыйжалуу иштеп кете турган мамлекеттик башкаруу системасын түзүү. Албетте, бул женил маселе эмес. Аны ишке ашырууда баарыбыз, бийлик органдары болобу, коомчулук болобу – чогуу киришишибиз керек. Экинчиден,Курманбек Салиевичтин бул демилгесин мыйзам ченемдүү десек да болот. Анткени бул демилге Президенттин өлкөнү жанылоо курсун ишке ашыруу жолдорунун бири. Өзүнүздөргө белгилүү, үстүбүздөгүжылдын 31-мартында өлкөбүздүн жанылануу багыттарынын негизгилери катарыКурманбек Салиевич дүйнө тез өзгөрүп жаткан шартта улуттук саясаттыиштеп чыгып жана жүзөгө ашырууга ар кыл коомдук топторду тартуу эсебинен, терең талдоо аркылуу озунуп иштөөгө жөндөмдүү башкаруу системасын түзүүнү белгилеген. Ошону менен бирге биз бийликтин артүрдүү бутактары ортосунда тең салмак орун алган, бири-бирин теңдештирип кармаган системага жетишүүбүз абзел.

Ушул реформалар тууралуу толугураак айтакетсениз. Алар мамлекеттик башкаруунун кайсы чөйрөлөрүн камтыйт, кандай баггыттарда ишке ашырылат?

         - Мамлекеттик башкаруудагы реформаларсистемалуу жана комплекстүү мүнөздө болот. Булдегенибиз, башкаруу органдарынын түзүмү да, манызы да түп тамырынан өзгөрүлүшү керек. Биринчи кезекте биз мамлекет жана анын башкаруу органдары кайсы функцияларды сөзсүз түрдө аткарууга тийиш, ал эми кайсы функцияларды коомдук,саясий органдарга өткөрүп бериши керек - мына ушул маселелер реформалардын негизин түзөт. Бүгүнкү күндө сиздер менен биз рынок шартында жашап жатабыз.Алдынкы планга жеке менчикти, адамдын эркин жана өз алдынча чарбалык иш алыпбаруусун койгондон кийин, мамлекеттин коом алдындагы ролу да өзгөрдү. Демек,мамлекет жарандардын өз жашоо-тиричилигин ондоого, бакубаттуулугун кучөтүүгөкерек болгон мыйзамдуу шарттарды түзүп берүүсү – бул мамлекеттин милдети. Алэми калганы – жарандардын, алардын бирикмелеринин жана уюмдарынын өз аракеттеринежараша болууга тийиш. Ошондуктан биз мамлекеттик органдардын, аларда иштепжаткан чиновниктердин функцияларын так аныктасак, ар бир органдын, ар бир чиновниктин жоопкерчилиги да так болот. Мындай кылбасак, мамлекеттик башкаруу ойдогудай натыйжа бере албайт. Сөзсүз түрдө ушул пландагы өзгөрүүлөр айрым мамлекеттик органдардын, аларда иштеп жаткан кызматкерлердин кескин түрдө кыскарышына алып келет. Мамлекеттик чиновниктер аз болсо да, саз болот.

Реформалар комплекстуу болот  дединиз...

- Туура. Мамлекеттик башкаруу системасын түп тамырынан бери өзгөртүүбири-бири менен чиелешкен бир топ маселерди катары менен орундуу чечүүнү талапкылат. Биринчи кезекте бул реформалардын укуктук негизин түзүшүбүз керек. Башмыйзам болгон Конституциябызга жана башка мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүү жана толуктоолорду иштеп чыгып, аларды кабыл алышыбыз абзел. Экинчи кезектеги маселелер – бул уюштуруучулук жана түзүмдүк, башкача айтканда институционалдык өзгөрүүлөр. Кеп мында кайсы органдар кыскартылып, кайсы органдар бириктирилип, кайсынысыжоюлуп, кайра түзүлөт ошол жөнүндө. Учүнчү маселе – кадрлар. Кандай гана жакшы максаттарды белгилебейли, күчтүү жана “колу таза” кесипкөй адистер болбосо,реформаларыбыз өз максатына жетпей калышы мүмкүн. Ошондуктан Курманбек Салиевич өз сөзүндө адистердин ролуна өзгөчө токтолуп өттү. Бүгүнкү күндө Президенттик администрация, Өкмөт, Жогорку Кенеш баш болгон мамлекеттик органдарда атайын жумушчу топтор түзүлүп, ар кандай сунуштардын үстүндө иштеп жатышат.

Курманбек Салиевич президенттик кенешме, жогорку курултай түзүү жөнүндо айтып кетти. Бул боюнча сиздин оюнузду уксак...

         - Президентибиздин бул демилгеси сөзсүз колдоого татырлык иш. Эмнеге дебейсизби? Себеби бул демилгелер өлкөбүздүн жанылануу багыттарын ишке ашыруунун дагы бир жолу, механизми. Биз күчтүү, бакубат мамлекет жана ачык жана эркин жарандык коом түзөбүз десек, албетте коомдук институттардын ролун көтөрүшүбүз керек. Курманбек Салиевич айткандай, аалам тезөзгөрүп жаткан шартта озунуп иштөөгө жөндөмдүү башкаруу системасын түзүү ар кылкоомдук топторду диалогго тартып, өлкөбүздүн алдындагы маселелерди ар тараптуу тереңталдоону талап кылат. Жогорку курултай, президенттик кенешмелер коомдук ордокенеши менен бирге мамлекет башчыбызга, бийдликтин башка органдарына орчундуумаселелерди теренинен карап, стратегиялык жана тактикалык жактан туура чечимкабыл алууда чон жардамын беришет. Бул коомдук уюмдар аркылуу бийликке элдин мүдөөлөрү,сын пикирлери жана талаптары өз убагында жетип турат деген ойдомун. Булмаселени экинчи бир жагынан карасак, жогорку курултай, президенттик кенешмежана ордо кенеши мамлекеттик башкаруу системасындагы реформаларды, жалпы элебийлик органдарынын ишмердигин дайыма көзөмөлгө алып тура турган коомдук уюмдар.Биз бийлик эл учун кызмат кылат деп келебиз. Демек эл өзү түздөн-түз жана ошонуменен бирге өзү түзгөн коомдук уюмдар аркылуу бийликти көзөмөлдөп туруусуабзел. Бул да болсо реформалардын максатка ылайыктуу, так жана өз убагында аткарылышынын бирден бир кепилдиги.

Пресс-группа НП "Ак Жол"

Источник: Народная партия "Ак Жол"

  Обсудить новость на Форуме