12:31 02.10.2009 | Все новости раздела "Народная партия "Ак Жол""

«Ак Жол» Азиялык саясий партиялар менен

Казахстандын «Нур Отан» Элдик демократиялыкпартиясынын жетекчилигинин чакыруусунун негизинде «Ак Жол» Элдик партиясынынатынан 2009-жылдын 24-26 – сентябрында Астанада өткөн Азиялык саясийпартиялардын Эл аралык конференциясынын 5 - Башкы ассамблеясынын ишинеПартиябыздын төрагасынын орун басары, Жогорку Кенештин депутаты А. Арабаев мененАткаруу комитетинин жооптуу кызматкери А. Кийизбаев катышып келишти.

Ассамблеянынсалтанаттуу ачылыш аземинде Партиябыздын лидери, Кыргыз РеспубликасынынПрезиденти К.С. Бакиевдин Казахстан Республикасынын Президенти Н.А.Назарбаевдин жана конференциянын катышуучуларынын атына жолдогон куттуктоосөзүн Автандил Арабаев жарыялап, аны кызуу кол чабуулар менен тосуп алышты.

«Бул форумда «Азия жаңылануусу» дегенАстана декларациясы кабыл алынды. Андагы негизги жоболор саясий партиялардынАзия континентиндеги чоң-чоң маселелерди чогуу талкуулап, биргелешипиш-чараларды көрүүгө чакырат. Дүйнөлүк кризис, ядролук куралдарды жайылтпоо, мамлекеттераралык интеграция, саясий турмуштагы аялдардын жана жаштардын ролуна көңүлбуруу маселелери форумдагы талкуулардын жана кабыл алынган Декларациянын өзөгүнтүздү», - деп белгиледи делегациябыздын башчысы.

Жалпы жонунан алганда, бул конференциякелечекте чоң кадыр-баркка ээ болуучу форум экен. Ал мамлекеттер аралык жанааймактык маселелерди чечүүдө саясий партиялардын мүмкүнчүлүгүн өз орду мененпайдаланууга шарт түзө тургандай. Форум «Ак Жол» партиясын, анынмаксат-милдеттерин жана жасап жаткан иштери менен башка партияларды тааныштырууменен бирге, «Ак Жолдун» эл аралык партиялык мамилелерин өнүктүрүүгө жаңы жолачты десек болот.

А. Арабаевдин маалыматы боюнча, биздинделегациябыз форум учурунда Казахстандын «Нур Отан» Элдик демократиялыкпартиясынын төрагасынын 1-орунбасары Дархан Калетаев, «Нур Отандын» катчысыСергей Громов, Кытай коммунисттик партиясынын делегациясынын жетекчиси КПКнынБорбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, КПКнын Шанхай шаардыккомитетинин биринчи катчысы Юу Женьшенг, «Бирдиктүү Россия» партиясынын РоссияФедералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасындагы фракциясынын жетекчисинин1-орунбасары Владимир Пехтин, Мамдуманын Эл аралык байланыштар боюнчакомитетинин төрагасы Константин Косачев, Тажикстан Элдик демократиялыкпартиясынын делегация мүчөлөрү менен жолугушуп, Азиялык саясий партиялардын эларалык конференциясынын алкагында иш алып баруунун мындан аркы жолдору жана экитараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты.

 

 

 

Источник: Народная партия "Ак Жол"

  Обсудить новость на Форуме